Новости птицеводства Кыргызстана

Министр менен жолугушуу

Бүгүн 2 мартта Кыргыз Руспубликасынын Айыл чарба министри Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович менен жолугушуу болуп өттү. Жолгушуунун жүрүшүндө канаттуулар чарбасындагы бардык көйгөйлөрдү талкууладык.
Азыркы күндө аткезчилик жолу менен келген жумурткаларга каршы күрөшүүдө ветеринардык кызмат ассоциациянын өкүлдөрү менен чогуу жумушчу топ түзүлүп, атайын чоң маркеттерге текшерүү иштери жүргүзүлүп турат. Ал эми, аткезчилик жол менен республиканын аймагына киргизилип жаткан жумурткаларга ветеринариялык көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы Министрлик тарабынан ветеринария кызматынын директору А.Шаршенбековго жана Бишкек шаардык ветеринария кызматына берилди жана ата-мекенедик өндүрүүчүлөргө эн белги (маркировка) басуу талаптары коюлду.